БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россиянын Европа менен согушайын деген ою жок, бирок алар баштаса, Москва азыр да даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин “Россия зовет” аттуу инвестициялык форумда билдирди.
Анын кебинин урунттуу учурлары:
Европа жаңжалды жөнгө салуу боюнча Россияга такыр туура келбеген сунуштарды айтып жатат;
Киев ар кимден акча сурап жүрүп, экономика менен фронтто эмне болуп жатканынан кабары жок;
Киев орус кемелерине каршы каракчылыгын уланта берсе, Москва Украинаны деңизден ажыратышы мүмкүн. Кара деңиздеги танкерлерге жасалган чабуулдарга жооп иретинде Россия Украинанын портторуна жана аларды чакырган кемелерге соккуларын көбөйтөт.