Мэр: Бишкектин башкы планын талкуулоого шаардыктар активдүү катышып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектин башкы планынын долбоору боюнча мэрия шаар тургундарынан 200дөн ашык расмий сунуш жана сын-пикирлерди алды. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев борбор калаанын 2050-жылга чейинки өнүгүүсү тууралуу документ каралып жаткан эксперттик талкууда билдирди.
Анын айтымында, бардык байланыш платформаларын эске алганда кайрылуулардын саны үч миңден ашат. Ал эми сурамжылоолордун жүрүшүндө шаардыктардын 10 миңден ашык пикир чогултулган.
Мэр мындай кайрылуулардын көптүгү шаар тургундарынын калаанын өнүгүшүнө жана анын жаңыланган башкы планы кандай болушу керектигине болгон кызыгуусу жогору экенин көрсөтүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле көптөгөн суроолор, эксперттик баа жана сын-пикирлер келип түшкөнүн кошумчалады. Мэриянын адистери долбоор темасы активдүү көтөрүлгөн социалдык тармактардагы талкууларга көз салышкан. Жунушалиев коомдук уюмдардан да айрым сунуштар келип түшкөнүн кошумчалады.
Эске салсак, башкы пландын долбоору Санкт-Петербургдагы институт менен биргеликте иштелип чыгып, бардык материалдар сайтта жарыяланган. Тургундардын катышуусундагы коомдук угуулар 24-25-декабрга пландалууда. Мэр шаардыктардын документке кызыгуусу артып жатканын кошумчалады.
Пресс-борбор
Жунушалиев: Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планында реновация каралган эмес