Борбор Азияда биринчи: Кошумча жана инклюзивдүү билим берүү кафедрасынын ачылышы жана анын мааниси

Sputnik
К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Борбор Азияда алгач ирет “Кошумча жана инклюзивдүү билим берүү” кафедрасы түзүлдү. Бул демилге өлкөнүн билим берүү системасында кошумча билим берүү тармагын өркүндөтүү, мугалимдердин кесиптик даярдыгын чыңдоо жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча маанилүү кадам болуп эсептелет. Жаңы кафедра искусство, техника, экология жана туризм багыттары боюнча иш алып барган адистердин жана педагогдордун квалификациясын жогорулатууга багытталат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жакынкы жылдары республика боюнча 3 миңден ашык педагог адистигин өркүндөтүүдөн өтөрүн программанын меймандары билдирди.