Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

БШК шайлоодо жалпы канча адам добуш бергенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда уюштурулган шайлоосунда 1 миллион 584,4 миң адам добуш бергенин билдирди.
Бул шайлоочулардын 36,9 пайызы экени айтылды. Ал эми шайлоо укугуна 4,3 миллион кыргызстандык ээ болчу.
Шайлоо кечээ эртең менен башталып, саат 8:00дө өлкө аймагындагы 30 округда 2618 участок ачылган. Мындан тышкары, эл көп чогулган жерлерде 27 атайын добуш берүүчү тилке иштеди. Саамалык шайлоочулар үчүн ыңгайлуу болду, катталган жеринен алыс жүргөн адам каалаган шайлоо участкасынан өз округундагы талапкерге добуш бере алды. 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогунан чет жакта жүргөн мекендештер добуш беришти.
Жалпысынан депутаттык үчүн 460 талапкер ат салышып, 271и эркек, 189у аял болду.
Кечинде саат 20:00дө шайлоо жыйынтыкталып, автоматтык саноочу урна (АСУ) алгачкы жыйынтыктарды берди. Алдын ала маалыматка таянып, Sputnik Жогорку Кеңешке өткөндөрдү тизмектеди.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Ким кайсы орунда?