Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

КМШдан келген байкоочулар тобу Кыргызстанда өткөн шайлоого баа берди

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо ачык, адилеттүү жана демократиялык нукта өттү. Бул тууралуу Көз карандысыз мамлекеттердин байкоочулар тобунун жетекчиси, КМШ баш катчысынын орун басары Игорь Петришенко билдиргенин РИА Новости жазды.
"Байкоочулар миссиясы Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда дайындалган парламенттик шайлоо өлкө Конституциясына ылайык ачык, атаандаштык негизде, демократиялык шайлоонун тиешелүү принциптерине шайкеш өткөрүлдү деген жыйынтыкка келди", — деген Петришенко журналисттерге.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын парламенти 25-сентябрда өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган. Жаңы система менен өлкө 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланды. БШКнын маалыматында 4,3 миллион кыргызстандык шайлоо укугуна ээ болуп, жалпысынан 460 талапкер ат салышты.
Соңку маалымат боюнча, шайлоодо 1,6 миллион адам добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 36,9 пайызын түзөт. Алдын ала жыйынтык менен биздин сайттан таанышууга болот.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
БШК шайлоодо жалпы канча адам добуш бергенин айтты