Арслан Койчиев мамлекеттик катчы болду

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Марат Иманкулов мамлекеттик катчы кызматынан бошотулуп, анын ордуна журналист, жазуучу Арслан Койчиев дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ал эми Иманкулов президенттин кеңешчиси болгону айтылды.
Койчиев бир топ жыл BBC радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген. Кийинки мезгилдери президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген.
Саламаттык сактоо министри кетип, милдети УКМКнын кызматкерине жүктөлдү. Себеби