БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл кылаасында +5...+10, Нарын өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.