Бишкекте жыл сайын күзүндө-кышында, өзгөчө жылытуу мезгилинде аба булганып, түтүн, ыш каптаганына байланыштуу маселе көтөрүлүп экологдор коңгуроо кагып келишет. Көпчүлүк талкуулап анан тарап кетип жаткан ыш көйгөйүн Амантур Салымбаев изилдеп, аны чечүүгө көмөктөшө турган мештин түтүнүндөгү зыяндуу заттарды тазалаган чыпка даярдап, сатыкка чыгарган. Инженер ал жабдык кантип иштей турганын, учурда кандай колдонулуп жатканы тууралуу айтып берди.