Украина Казакстандын мунай кууруна чабуул жасап, Астана нааразычылык билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Украина Казакстандын алыскы жээкке байлоочу түзүлүштөрүнө улам чабуул жасап жатат. Бул тууралуу Каспий куурунун консорциуму (ККК) кабарлаганын Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, Украина муну менен үчүнчү ирет КККнын инфраструктурасына чабуул коюуда. Белгилей кетсек, ККК аркылуу Казакстандан экспорттолуучу мунайдын 80 пайызы өтөт. Нефть өлкө бюджетинин негизин түзөт.
"2025-жылдын 29-ноябрында Москва убактысы боюнча саат 04:06да ККК деңиз терминалынын акваториясында экипажы жок катерлер менен террордук чабуул жасалды. Анын кесепетинен КККнын алыскы жээкке байлоочу ВПУ-2 түзүлүшү олуттуу зыянга учурады. Кызматкерлер арасында жабыркагандар жок", — дешкен консорциумдан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мунай Кара деңиздин акваториясына жайылган жок.
"Деңиз суусунан үлгү алынып экологиялык мониторинг жүргүзүлүүдө. ВПУ-2 түзүлүшү жарактан чыккандыктан мындан ары колдонуу мүмкүн эмес", — деп айтылат маалыматта.
Каспий куурунун консорциуму Россиянын, АКШнын, Казакстандын жана Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүнүн ири отун-энергетикалык компанияларын бириктирет. Ишканадан билдиришкендей, КККга кол салуу – бул ага мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгына да кол салуу катары эсептелет.
Казакстандын Энергетика министрлиги терс кесепеттерди азайтуу жана ири кендерде өндүрүш темпин сактап калуу үчүн мунай экспортунун көлөмүн альтернативдүү маршруттарга багыттоо боюнча планын чукул түрдө ишке киргизди.
Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Украинага нааразычылык жарыялады.
"Бул окуяны Казакстан менен Украинанын ортосундагы мамилеге зыян келтирүүчү аракет катары баалайбыз жана Украинадан келечекте мындай окуяларды болтурбоо боюнча натыйжалуу чара көрүүсүн күтөбүз", — деди ТИМ.
Министрлик ошондой эле эл аралык укуктун нормалары бузулганын белгилеген.
Трамптын мурдагы кеңешчиси Зеленскийди камакка алууга чакырды