Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү"

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бүгүн парламенттик шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү” башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Мыйзамга ылайык, добуш берүү башталганга 24 саат калганда, тактап айтканда саат 08:00дөн тартып, ар кандай формадагы үгүт жүргүзүүгө катуу тыюу салынат.
Тыюулар төмөнкүлөрдү камтыйт:
ЖМК, интернет-басылмалар жана социалдык түйүндөр аркылуу үгүт жүргүзүүгө;
митинг, жыйын, теледебат сыяктуу үгүт иш-чараларын өткөрүүгө;
печаттык жана аудиовизуалдык үгүт материалдарын таратууга;
мыйзамда каралган башка бардык үгүт формаларын колдонууга.
“Мурда илинген үгүт материалдары (баннер, билборд ж.б.) өз ордунда кала берет. Бирок алар шайлоо комиссиялары жайгашкан имараттардын ичинде болбошу керек. Эрежелерди бузгандар мыйзам чегинде жоопко тартылат”, — деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо эртең, 30-ноябрда, өтөт.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Парламенттик шайлоого КМШнын ПААсынан 70 эл аралык байкоочу көз салат