Небереси менен чоң энесинин өмүрүн алган жол кырсык боюнча өспүрүм камалды

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ошто 48 жаштагы аял мүрт кетип, бир жаштагы небереси ооруканада чарчап калган жол кырсыгына себепкер делген өспүрүм камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, рулду башкарып бара жаткан 16 жаштагы баланы 27-декабрга чейин камакка алуу чечими чыккан.
Өспүрүмгө "Этиятсыздыктан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана автотранспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин бузуу менен өзгөчө оор зыян келтирүү" беренеси боюнча айып тагылды.
Эске салсак, 27-ноябрда милициядан Ош шаарында машина айдап бараткан өспүрүм каршы тилкеге чыгып кетип, көчөдө бала менен жөө бараткан кайнене-келинди уруп кеткенин билдиришкен. Маалыматта 16 жаштагы бала агасынын унаасын уруксатсыз айдап чыгып, аны башкара албай калганы белгиленет. Ал каршы тилкеге чыгып, жолдо бараткан үч адамды коюп, андан өтүп жолдун жээгинде токтоп турган КамАЗды сүзгөн.
Каргашада 48 жаштагы аял мүрт кетип, анын бир жаштагы небереси ооруканада чарчап калган. Ал эми аялдын 20 жаштагы келини менен КамАЗдын айдоочусу ооруканага жеткирилген.
Милиция өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү жок экенин билдирген.
Кара-Балтада КамАЗ сүзгөн эки окуучу бала каза болуп калды