БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкекте добуш сатып алууга шектелген А.Л. аттуу талапкердин жакындары кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
26-ноябрда милиция ЖК депутаттыгына талапкердин 37 жаштагы С.И. аттуу кызын жана 27 жаштагы тууганы Ш.Т. добуш сатып алуу схемасын уюштурууга айыптап, издөөгө алган.
“360 миң сом шайлоочуларды сатып алууга бөлүнүп, анын таратылышы боюнча көрсөтмөлөр документтештирилген. Шектүүлөр добуш бере турган адамдардын тизмелерин кабыл алып, схеманы уюштурууда активдүү роль ойногону аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.
Талапкердин эки тууганы кармалып, Свердлов райондук соту тарабынан 23-декабрга чейин камакка алынды. Анын өзүнө дагы добуш сатып алуу боюнча айып тагылган.