БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте премиум-класстагы эскирген азык-түлүктү саткан жана сактаган кампа аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10 жылдан ашуун убакыттан бери премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген жарманке дүкөнүнүн негиздөөчүсү, 37 жаштагы З.С.Н. аттуу жаран беш-алты жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн.
Ал азыктарды колдонууга жарактуу товарлар менен аралаш жүктөп келгендиктен текшерүүнү татаалдаштырып айласын тапканы белгиленген.
"Европадан италиялык соустар, сыр, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүк катары көрсөтүлгөн продукциялар иш жүзүндө элдин ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүнүн кампаларын тинтүү учурунда мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафактылык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, техника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр, онлайн-платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.
УКМК Жаратылыш министрлиги менен бирге жараксыз товарларды жок кылууда.