Захарова: Россиянын Украина боюнча сунуштары НАТОдогулардын эсин эки кылууда

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россиянын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча саясий-дипломатиялык сунуштары НАТОдогулардын айласын кетирүүдө. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, саясий же дипломатиялык сүйлөшүүлөргө байланышкан кандай гана аракет болбосун, НАТО тараптан дароо терс маалыматтык реакция жаралууда. Тоскоолдук жаратып токтотууга аракет кылышат.

"НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин "Украинадагы жаңжал жакында бүтөт" деген оптимисттик маанайдагы пикири эч нерсени билдирбейт. Анткени ал кайра эле өзүнүн айткандарына каршы чыгып, Украинага көбүрөөк курал-жарак жөнөтүүгө, каржылоону күчөтүүгө жана Киев бийлигин саясий жактан колдоону улантууга чакырып жатат", — деди Захарова.

Ал РФ ТИМи Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоодон бир нерсе өзгөрөрүнө көзү жетпей турганын белгилеген.
Россия Украинага курал берүү жаңжалды токтотууга тоскоол болуп келерин айтып келет. НАТОнун мындай кадамы "от менен ойногонго" барабар. Сергей Лавров да Украинага жөнөтүлгөн жүктүн бардык түрү Россия армиясы үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Кремль да Батыштын Украинага курал берүү саясаты сүйлөшүүлөргө жардам бербей, тескерисинче, терс натыйжага кептеп жатканын белгилеп келет.
Президент Владимир Путин буга чейин журналист Такер Карлсонго берген маегинде Россиянын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жок экенин, буга зарылдык да жоктугун түшүндүргөн. Анын айтымында, батыш саясатчылары өз өлкөлөрүндөгү ички көйгөйлөрдөн элин жазгырыш үчүн "Россия коркунучу" деген ойдон чыгарылган шылтоону колдонуп жатышат. РФ лидери сергек акыл менен караган ар бир киши анын жалган экенин жакшы түшүнөрүн белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина АКШнын 28 пунктудан турган жөнгө салуу планын четке какты