БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Украин аскерлери ээлеп турган аймактарынан чыгып кеткен күнү согуштук аракеттер токтойт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Мындай суроо РФ лидерине Бишкекте өткөн ЖККУ саммитин жыйынтыктаган маалымат жыйында узатылган.
"Украин аскерлери ээлеп турган аймактарынан чыгып кеткен күнү согуштук аракеттер токтойт. Эгер чыкпаса биз ага курал колдонуу менен жетишебиз", — деп жооп берди РФ президенти.