Путин: Садыр Жапаров — ишенимдүү өнөктөш жана дос

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров менен кызматташуусу тууралуу “Номад” телеканалындагы маегинде айтып берген.

“Биз жакшы мамиледебиз, ал — ишенимдүү өнөктөш жана дос. Ал эми протоколдук иштерге дайыма сабырдуулук менен мамиле кылам. Мамлекеттер аралык байланыштарыбыздын өзгөчө мүнөзүн баса белгилөө үчүн бул дагы керек нерсе”, — деди Путин.

Путин дүйнө, Кыргызстан, согуш, тынчтык туурасында. Бишкектеги маалымат жыйындан