БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кытайдын жарандары Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго жумушчу күч катары тартылган. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кеминдеги төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу иш-чарасында айтып, элди чагымга алдырбоого чакырды.
Ал өлкөдө чынында эле коңшу мамлекеттин атуулдары көбөйүп кеткенин, буга масштабдуу курулуштарды ата мекендик адистер азырынча өз күчү менен сала албастыгы себеп экенин белгилеген.
"Кытай жарандары виза менен киришет, алардын жарактуулук мөөнөтү ар кандай. Мисалы, эмгек визасы эки айдан бир жылга чейин берилсе, туристтик виза 14 күндүк болот. Бардык чет элдиктер каттоодо турат. Биздин эмгегибизди жокко чыгарган чагымчылыкка алдырбаш керек. Биз да силер сыяктуу эле патриотпуз. Өлкөбүздү сүйөбүз, жерибизди баалайбыз. Кытай жарандары иштеп, куруп бүтүп кетишет", — деген Ташиев.
Ал ошондой эле Бишкектин айланма жолунда Кытай жарандары тарабынан сабалган кыргызстандыктар тууралуу да кеп козгоду.
"Алар ээнбаш жүргөн кытайлар эмес, визасын алып иштеп жүрүшөт. Чыр чыккан окуядан кийин 14ү тергөө абагында отурат", — деди УКМКнын төрагасы.
Ташиев визасы бүтүп калган кытайлар сөзсүз өлкөдөн чыгарыларын, баары тең каттоодо турарын кошумчалады.