БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Батыштын Россия жана анын Борбор Азиядагы тарыхый өнөктөштөрүнүн ортосуна жик салуу аракетинен майнап чыккан жок. Бул тууралуу саясат талдоочу Алексей Мартынов Sputnik агенттигине Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары тууралуу айтып жатып билдирди.
Ал Россия Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин, өлкөлөр ийгиликтүү кызматташып жатканын, анын ичинде жеке президенттердин деңгээлинде да саясий диалог бар экенин белгиледи. Мартынов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алаканы тереңдетүү боюнча билдирүүгө жана андан башка да бир нече документке кол коюлганын эске салды.
"Россия тарабынан иштелип чыккан коопсуз, эгемендүү өнүгүү формуласын көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан сыяктуу эң жакын союздаштарыбыз гана эмес, башка мамлекеттер да кабыл алууда", — деп кошумчалаган эксперт.
Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. РФ делегациясынын курамында Борбордук банктын төрайымы, өкмөт башчысынын орун басары, жети министр, ошондой эле ири бизнесмендер бар. Эксперттердин айтымында, мындай масштабдагы сапар эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу уюштурулуп жатат. 26-ноябрда Жапаров менен Путин кызматташууну талкуулап, анын жыйынтыгы менен сегиз документке кол коюлду. Путин бүгүн, 27-ноябрда, ЖККУнун саммитине катышат.