БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору алмашканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Тимур Малбашевдин ордуна Бексултан Токонов дайындалды.
Токонов президенттин иш башкармалыгынын мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүн жетектеп келген.