БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Борбор Азиянын айланасында жаңжал чыгып кетүү коркунучу сакталып турат, андыктан ЖККУ коргонуусун күчөтүшү керек. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун азыркы Борбор Азия жана Кавказды изилдөө лабораториясынын улук илимий кызматкери Андрей Грозин билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда сүйлөдү.
Грозин белгилегендей, дүйнөдө чыр-чатактын саны өсүп жатат, бирок алар Борбор Азияга азырынча кыйыр түрдө гана таасир этүүдө. Эксперт АКШ менен Израилдин аракеттерине байланыштуу Ирандын айланасындагы кырдаалдын курчушун эске салды. Анын айтымында, бул Борбор Азиянын чек араларына жакын жерде болуп, аймак үчүн тобокелдиктерди жогорулатат.
Спикер Афганстандагы абал 5-10 жыл мурункуга караганда туруктуураак көрүнгөнү менен, коркунучтун булагы бойдон калып жатканын белгиледи. Бул өлкөдө көптөгөн эл аралык террордук уюмдар ишмердүүлүгүн улантууда. Грозин белгилегендей, Борбор Азиянын, Россиянын, Ирандын жана Кытайдын атайын кызматтарынын көңүлү дайыма ушуга бурулган. Кошумча чыңалууну Пакистан менен Индиянын ортосундагы жаңжал сыяктуу окуялар жаратат.
"Ошондуктан ЖККУ мындан ары да коргонууну бекемдеп, мылтыгын түшүрбөй кармап турушу керек", — деди Грозин.