БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кимдер коштоп келерин анын жардамчысы Юрий Ушаков айтып берди.
Ал делегация курамында жети министр болорун РИА Новостиге билдирген.
"Россиялык делегациянын курамында өкмөт башчынын орун басары Алексей Оверчук бар. Ал соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Россия-Кыргыз комиссиясынын россиялык бөлүгүн жетектеп келет", — деген Ушаков журналисттерге.
Мындан тышкары, дагы жети министр болот. Алар:
ички иштер министри Владимир Колокольцев;
спорт министри Михаил Дегтярев;
саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко;
транспорт министри Андрей Никитин;
экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников;
илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков;
энергетика министри Сергей Цивилев.
Эске салсак, бүгүн, 25-ноябрда, РФ президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.