БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 26-ноябрь, шаршембиде, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +16...+18 градуска көтөрүлөт.