БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү дүйнөлүк рынокко жогорку сапаттагы продукция жеткирүү менен ачарчылыкка каршы күрөшкө олуттуу салым кошууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
Маалыматка караганда, Барсегян БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директорунун биринчи орун басары Маурицио Мартина менен жолугушкан. Анда уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүү, агрардык тармакты модернизациялоо жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланган.
"ЕАЭБге кирген беш өлкөнүн биргелешкен аракеттери дүйнөдө пайда болгон жаңы чакырыктарга каршы турууга жана уюмдун глобалдык азык-түлүк коопсуздугу боюнча маанилүү өнөктөш катары макамын чыңдоого жардам берет. ЕЭК мүчө мамлекеттер менен тыгыз иштешип, аймактык уюмдар жана өлкөлөр менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө даяр", — деп белгилеген ал.
Министрдин айтымында, ЕАЭБ буудай, күн карама майы жана тоңдурулган балык экспорттоо боюнча алдыңкы сапта, буудай уну жана рапс майы боюнча экинчи, арпа жана атайын жемди экспортко жөнөтүүдө үчүнчү сапта турат.