БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда билим алып жаткан жарандары армияга алынбайт. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев айтты.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингге катышкан.
Зульхарнеевдин айтымында, социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Россияда армияга алып кетип жатыптыр деген сөздөр тарап жатат.
"Бул жалган. Армияга аскердик каттоодо турган жана Россиянын жарандарын алышат. Башка өлкөнүн жараны студент болуп келет. Аны аскердик каттоого тургузуп, армияга алып кетет деген нерсе жок. Келгиле, түйшөлбөй, ойлонбой окуй бергиле. Россиядан билим алгандын эч кандай деле кыйынчылыгы жок", — деди ал.
Россотрудничествонун билим берүү долбоорлору боюнча куратору Павел Гультяев ыңгайлуу, коопсуз жүрүү үчүн миграциялык эрежелерди бузбай сактоо маанилүү экендигин белгиледи.
Кыргызстандыктарга чек арадан өтүп, өлкөгө киргенден кийин жашаган жерине катталышы үчүн 30 күн убакыт берилет.
"Кайсы документтер керектигин ЖОЖго келип билип, паспорт менен миграциялык картанын көчүрмөсүн тапшырып, өз учурунда жасала турган каттоону күтүш керек. Алгачкы үч айдын ичинде медициналык тастыктамадан жана дактилоскопиядан өтүү шарт. Бул талаптардын бардыгы Россияда коопсуз, тынч жүрүү үчүн коюлган", — деди Гультяев.