БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын 11 миң жараны билим алат. Бул тууралуу Россотрудничествонун республикалагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктардын болжол менен жарымы бюджеттик, калганы келишимдик негизде окуйт. Зульхарнеев россиялык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарында маанилүү кызматтарды ээлей турганын белгиледи.
"Өлкөнүн аллдыңы комапнияларында эмгектенген бүтүрүүчүлөрдү билебиз. Мисалы, "Кумтөр", "Жер-Үй" компанияларында иштеген техникалык адистерди айтсак болот. Өлкөнүн азыркы жетекчилигинде да россиялык университеттердин бүтүрүүчүлөрү бар", — деди ал.
Россотрудничествонун өкүлү сапаттуу программалардан, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнөн жана эки элдин маданий жакындыгынан улам кыргызстандыктар арасында Россиядан билим алуунун актуалдуулугу күч экенине токтолду.
Россия өкмөтү кийинки окуу жылында Кыргызстан үчүн бюджеттик негизде билим алууга 700 квота бөлгөн. Документтер 15-декабрга чейин сайтынан кабыл алынат.