БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы базасы коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарына байланыштуу Кремлдин маалымат кызматы жарыялаган материалда айтылган.
“Россия — Кыргызстандын коргонууну бекемдөөдөгү негизги өнөктөшү. Кыргызстандын аскердик күчтөрү менен биргеликте Россиянын аскер базасы өлкөнүн, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу салым кошууда”, — деп жазылган маалыматта.
Эске салсак, Россиянын лидери Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Ал 27-ноябрда жыйынтыкталат.