БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев зыяндуу азыктардын, тагыраагы, арак менен чылымдын жеткиликтүүлүгүн азайтыш керектигин айтты. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине интервью берген.
"Өнүккөн мамлекеттерде алкоголду түн ичинде, мисалы, саат 22:00дөн эртең мененки 9-10го чейин сатууга тыюу салынган. Ресторандарда болот, бирок кымбат. Түнкү ондон кийин криминал: жол кырсыгы, зомбулук, үй-бүлөдөгү зомбулук, бейбаштык, көчөдөгү мушташ башталат. Анткени адамдар көп ичип алат, ичимдик жеткиликтүү. Аракты каалаган супермаркеттен сатып алат, 24 саат, жети күн иштейт. Тамекини да ар бир эле азык-түлүк дүкөнү сатпаш керек", — деген министр.
Министр өнүккөн өлкөлөрдү мисал келтирип, бир куту тамеки 10 евро, тагыраагы, 1500 миң сомго чукул экенин белгиледи. Ал жакта элдин ден соолугу чың экенине жана узак жашай тургандыгына токтолду.
Министр жашоо чөйрөсүн, мыйзамдарды өзгөрткөндө, зыяндуу нерселердин жеткиликтүүлүгүн азайтканда элде мындай нерселерден алыс болуш керек деген түшүнүк пайда болуп, мамилеси өзгөрөрүн кошумчалады.