Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

1-декабрда шайлоо тилкелери жайгашкан мектептер онлайн окуйт

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. 1-декабрда шайлоо тилкелери жайгашкан мектептердин бардыгы онлайн окушат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Мындай чечим билим берүү мекемелеринде санитардык жууп-тазалоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы жаралгандыктан кабыл алынган.
Ал эми шайлоо тилкеси жайгашпаган мектептер кадимки тартипте иштей берет.
Белгилей кетсек, өлкөдө парламентке кезексиз шайлоо 30-ноябрда өтөт.
ЖККУнун жыйынынан улам Бишкектин мектептери алты күн онлайн окуйт