БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Учурдагы көп уюлдуу дүйнөдө мүмкүн болушунча көбүрөөк объективдүү жана текшерилген маалымат булактарына ээ болуу Кыргызстан менен Россияга маданий жалпылыкты сактоого жардам берет. Бул тууралуу Россия президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титов билдирди.
Ал Бишкектеги "Номад ТВ" телеканалынын ачылыш аземине катышты.
"Эки элди достук жана коңшулук алака түбөлүк байланыштырып турат. Бул жаңы нерселерди жаратууга, өнүгүүгө, экономика, билим берүү, маданият жана маалымат тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Титов.
Ал жаңы долбоор өз ара урмат-сыйга жана ишенимге негизделген дагы бир достук көпүрөсүнө айланарына ишеним артты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Номад ТВ" телеканалы ачылды. Кыргыз-орус биргелешкен долбоору Кыргызстандын мамлекеттик каналдары менен кызматташып, НТВнин программаларын алып көрсөтөт.