БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги жыйынына байланыштуу мектептер 25-ноябрдан баштап 2-декабрга чейин окутуунун онлайн форматына өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мындай кадам чоң көчөлөрдүн маал-маалы менен жабылып турарына байланыштуу экени айтылды.
"Окуу программасы үзгүлтүккө учурабайт. 2-декабрдан баштап окуу кадимки форматта уланат. Жогорку окуу жайларынын студенттери 25-27-ноябрь күндөрү аралыктан окуйт", — дешти муниципалитеттен.
Буга чейин милициянын төрт миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей турганы айтылган.