Бийликти басып алууга даярданган деп шектелгендер тергөө абагына киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга даярдык көрүү" беренеси менен шектүү катары кармалгандар №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев жана Кубанычбек Кадыровдор 2026-жылдын 27-январына чейин камакта болот.
Аталган иш боюнча кармалган калган айыпталуучулар дагы тергөө абагына киргизилген.
Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданган топ кармалганын билдирген. Алардын арасында саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери бар. Милициянын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топторду, спорт менен шугулдангандарды жана тарапкерлерин башаламандык уюштурууга үндөп, күч колдонууга тартууну көздөшкөн. Шектүүлөр өлкө боюнча бир нече митинг өткөрүүнү пландаштырышканы айтылат.
"Бийликти басып алууга чакырган". Соцтармактагы аккаунттун администратору кармалды