Кыргызстан эт өндүрүү боюнча ЕАЭБде алдыда. Анда эмнеге өлкөдө этке болгогн баа өсүүдө? Экономисттин пикири

Sputnik
Өлкөдө этке болгон бааны туруктуу кармоо боюнча иштер жүрүүдө. Алып сатарлардын ишин көзөмөлдөөнү өкмөт бардык тиешелүү булактарына тапшырды. Учурда Ош шаарында 680-700, Бишкекте 780-790 сомдон жогорулабай сатылып жатканы маалымдалат. Ал аралыкта Кыргызстан эт өндүрүү көлөмү боюнча ЕАЭБ ичинде лидерликти алды. Кыргызстан мурдатан эле эт, сүт багытындагы өндүрүшү менен сыймыктанып келген өлкө. Учурдагы бааларга болгон туруксуздуктун негизги себептери эмнеде? Кантип эт багытын ирилештирсе болот? Кыргыз этин брендге айландыруу үчүн эмнелерди жасоо керек? Экспорт мүмкүнчүлүктөрү канчалык? Бүгүнкү уктурууда кеп кылабыз.