Атамдын сөзүнөн кийин спортту уланткам. Боксчу Самат Кыргыздын маеги

Sputnik
Бокстун WBL версиясы боюнча дүйнө чемпиону Самат Абдырахманов биздин агенттикке эксклюзивдүү маек курду. Анда чемпион 12 жашынан бери спорт менен алектенип келе жатканын, бокска келүүсүнө атасы менен байкесинин таасири чоң болгонун айтты. Абдырахманов Россияда муштум урушу боюнча бир нече ирет чемпион аталып, эң жогорку гонорар алган боксчулардын катарына киргенин да жашырган жок.
Абдырахманов биринчи жеңилүүсү абдан оор тийгенин айтып, ошол учурда эч ким менен сүйлөшпөй үч күн тоого чыгып кеткенин эстеди.
"Өзүмдү күнөөлөгөм. Ошондой учурда эмоция менен "болду, спортту токтотом" деп айта бересиң. Убакыт өткөн сайын кайра келиш керек экенин түшүнөсүң. Бир аз психологиялык жактан даяр эмес болуп калгам деп ойлойм. Себеби ошончо элдин алдында атам да отурган. Аябай ишенип чыккам... "Мен азыр муну нокаутка кетирем" деп план башкача болуп калат. Машыктыруучунун айтканын укпай каласың. Башка эле план кетип калат. Биз азыр психологдор менен иштеп жатабыз. Психология — спортчуларга эң керектүү нерселердин бири. Тең салмактуулукту кармап, бир калыпта чыгыш керек. Оор басырыктуу болуп..." — деди Абдырахманов.
Маектин жүрүшүндө Самат мырза Хабиб Нурмагомедов менен жолугушуусу, эмнеге инисинин боксчу болуусун каалабай турганын жана жеке жашоосу тууралуу айтып берди.
Тема боюнча:
Самат Кыргыз Бишкектеги бокс боюнча турнирде жеңишке жетти. Видео