БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология кызматы бир аптага, тагыраагы, 24-30-ноябрга карата аба ырайынын божомолун таратты.
Синоптиктердин маалыматына көз жүгүртсөк, келе жаткан аптадагы аба ырайы төмөнкүдөй:
Чүй жана Талас облустары
Чүй менен Таласта 24-30-ноябрда жаан-чачын, катуу шамал болбойт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагы
Бул аптада аталган үч облуста тең күн ачык турат. Аймакта күндүз күндүн табы +13...+21 градус болот.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
Ысык-Көл облусунда 24-ноябрда күн ачык болот. 25-ноябрда айрым аймактарда жамгыр, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Күн кайра 26-ноябрда ачылып, апта соңуна чейин жаан-чачын жаабайт. Нарын облусунда аптада күн ачык болору божомолдонгон. Күндүз күн +5...+10 градус, ал эми түнкүсүн -9...-11 градуска жетери айтылды.
Бишкек шаарында күндүн көзү бузулбайт. Түнкүсүн термометр -1...+1 градусту көрсөтөт. Күндүз +13...+18 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө.