Путин Трамптын тынчтык планы боюнча пикирин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча планы тирешүүгө чекит коюуга негиз болуп бериши мүмкүн. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө башчысы пландын деталдары Россия менен макулдашылбаганын белгилеп, анын себебине да токтолду.

"Биз менен талкууланган эмес. Анткени АКШ ушу кезге чейин Украинаны макул кыла албай жатат. Киев буга каршы", — деди РФ лидери.

Путиндин айткандарынын маанилүү жерлери:
Аляскадагы жолугушуудан кийинки тыныгуу тынчтык орнотуу сунушуна Украинанын каршылыгы менен байланыштуу;
Украина менен анын союздаштары кыялга батып жашоодо, алар Россияга стратегиялык сокку урууну көздөп келишет;
Россия буга чейин айтылгандай эле абалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга кызыкдар. Бирок бул сунушталган планды майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоону талап кылат. Биз буга даярбыз;
Киевдин согуш талаасындагы чыныгы абал тууралуу толук маалыматы жок, сүйлөшүүдөн ушул себеп менен баш тартууда. Трамптын сунушун талкуулоодон баш тартып четке кага берсе, Купянскидеги окуялар кайталана берет;
Россияга тилектеш болгон Кытай, Индия, КЭДР, Бразилия сыяктуу мамлекеттер жана ЖККУ өлкөлөрү РФ менен АКШнын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча макулдашууларын колдоп беришти;
Россия Аляскадагы жолугушууда абалды жөнгө салуу маселесинде ийкемдүү болууга макулдугун берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина НАТОго кирбейт, Донбасс РФке өтөт, санкциялар алынат. Жаңы план