Үч экс-сот канкор Кумарбектин жазасын жеңилдетүү үчүн 10 миң доллар алганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Үч экс-судья канкор Кумарбек Абдыровдун жазасын жеңилдетүү үчүн 10 миң доллар алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Октябрь айында 17 жаштагы Айсулуу мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышка шектүү катары Кумарбек Абдыров кармалган. https://sputnik.kg/20250930/17-zhashtagy-kyz-zorduktalyp-olturulgon-1096835905.html Тергөө маалында анын ушул сыяктуу башка бир нече кылмышка да тиешеси бар экени, ал тургай буга чейин 12 жылга кесилип, бирок шаардык сот анын жазасын 7 жылга чейин кыскартканы белгилүү болгон.
Абдыров ушул жылы октябрда кармалгандан кийин тергөөчүгө мурда жазасын жеңилдетүү үчүн жактоочу аркылуу сотторго 10 миң доллар пара берип, абактан эрте чыкканын айтып берген. Эгер Бишкек шаарынын судьялары жаза мөөнөтүн жеңилдетпегенде Абдыров 2027-жылы гана бошотулмак.
ИИМдин маалыматынын негизинде кечээ Башкы прокуратура Судьялар кеңешине кайрылып, чечим чыгарган үч сотту жоопкерчиликке тартууга уруксат сурап өтүнмө жөнөткөн. Комиссия ошол эле күнү макулдугун берген.
Кеминде 4 кызды өлтүргөн: Кумарбектин башка дагы кылмыштарынын хронологиясы