БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Дональд Трамп эгер Владимир Зеленский АКШнын планын жактырбаса согушту уланта бере аларын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
АКШ лидеринин пикиринде Киев лидери кандай болгон күндө да бул сунушту жактырууга тийиш. Ал Зеленскийдин колунда көзүрү жок экенин белгилеп, келишим бир-эки жыл мурда эле түзүлсө азыр абал кыйла жакшы болмоктугун кошумчалады.
Times басылмасы жазгандай, Трамп Зеленский абалы начар экенин билип туруп, өзүнө пайдалуу макулдашуу түзүү үчүн жан алакетке түшүп жатат деп эсептейт.
Буга чейин АКШ Украинадагы согушту токтотуу боюнча 28 пунктудан турган план сунуштаган. Анда Крым менен Донбасс де-факто Россияга өтүп, ал эми Украина НАТОго кирүүдөн баш тартары жазылган.