Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Вэнс Украина боюнча АКШнын планын сындагандарга жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 22-Ноя. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Украина боюнча Вашингтон сунуштаган планды сындагандар "реалдуулуктан алыс" экенин соцтармагындагы баракчасына жазды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Жей Ди Вэнстин айтымында, сунушталган план Москва да, Киев да кабыл алгыдай болуп, жаңжалды токтотууга шарт түзүшү керек.
Ал, мындан тышкары, АКШнын куралы, акчасы жана санкциялары согушту токтотуп коёт деген пикир куру кыял экенин белгилеген. Вэнстин айтымында, тынчтыкты колунан иш келбеген дипломаттар эмес, "жерде жашаган" жөн билги адамдар орнотот.
Буга чейин АКШ Украинадагы согушту токтотуу боюнча 28 пунктудан турган план сунуштаган. Анда Крым менен Донбасс де-факто Россияга өтүп, ал эми Украина НАТОго кирүүдөн баш тартары жазылган.
Ал арада Владимир Зеленский тынчтык планы боюнча элине кайрылуу жасап, Украинага жасалып жаткан басым өтө олуттуу экенин билдирген.

"Өлкөбүз же ар-намысынан кечиши керек, же маанилүү өнөктөшүнөн кол жуушу керек", — деген ал.

Ал эми Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Дональд Трамптын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча планы тирешүүгө чекит коюуга негиз болуп бериши мүмкүн экенин айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев элин болуп көрбөгөндөй кысмакка алып мобилизациялоодо. Небензянын БУУдагы сөзү