Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Трамп Украина боюнча атайын өкүлүн алмаштырды

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Дональд Трамп АКШ армиясынын министри Дэниел Дрисколлду Украина боюнча атайын өкүл кылып дайындады. Бул тууралуу Guardian гезитине таянуу менен РИА Новости билдирди.
Буга чейин Politico Трамп Дрисколлду Украинага АКШнын жаңжалды жөнгө салуу планын көрсөтүү үчүн жибергенин жазган.
"Трамп Вэнстин (АКШнын вице-президенти – ред.) досу жана мурунку классташы Дрисколлду өзүнүн атайын өкүлү кылып дайындады", — деген басылма.
Дрисколлдун Украина боюнча атайын өкүл болгонун Fox News телеканалы дагы Пентагондун өкүлүнө таянып билдирди.
Буга чейин Рейтер агенттиги АКШнын Украина боюнча азыркы атайын өкүлү Кит Келлог 2026-жылдын январынан тарта кызматынан кетерин жарыялаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский элге кайрылуу жасап, Украина оор тандоонун алдында калганын айтты