Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

FT Украина боюнча планга Зеленскийдин кол коер убактысын ачыктады

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШ Украина маселесин жөнгө салуу боюнча сунушталган планга Владимир Зеленский 27-ноябрга чейин кол коюп берет деп күтүп жатат. Бул тууралуу украин аткаминерлерине таянуу менен Financial Times жазды.
"Америкалык чиновниктер Зеленский кийинки жуманын бейшембисине чейин планга кол коюп берсе, аны Москвага көрсөтүп, декабрдын башында тынчтык орнотуу процессин аягына чыгарууга ниеттенип жатышат", — деп айтылат макалада.
Анткен менен гезит макулдашууга көрсөтүлгөн убакытта кол коюларынан күмөн саноодо. Зеленскийдин кеңсесиндегилер пландын айрым пунктуларына Киев караманча каршы экенин айтышкан. Мындан тышкары, украин режими америкалыктар үчүн өзүнүн сунушун иштеп чыгып жатканы белгилүү болду.

Украинада тынчтык орнотуу планы

Буга чейин Вашингтон Москва менен украин жаңжалын токтотуу боюнча жаңы пландын тегерегинде купуя сүйлөшүп жатканы айтылган. 28 пунктудан турган сунушта тынчтык, Украинага кепилдик, Европадагы коопсуздук жана АКШнын тирешкен тараптар менен келечектеги мамилеси камтылган. Ак үйдөн планды АКШ президенти Дональд Трамп жактырганын айтышты.
Чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда планда төмөнкүлөр да каралган:
АКШнын коопсуздук кепилдиги үчүн Донбассты толугу менен Россиянын карамагына берүү;
Запорожье жана Херсон облустарындагы кагылышууну жүрүп жаткан жеринен токтотуу;
Донбасс менен Крымды Россиянын аймагы катары расмий таануу;
Киевге америкалык жардамдын кыскартылышы;
Украинада чет өлкөлүк аскер күчүн жайгаштырууга тыюу салуу;
Киевдин Россиянын тереңине сокку уруучу куралга ээ болуусуна жол бербөө;
Православ чиркөөсүнө расмий макам берүү жана орус тилин мамлекеттик тил деп жарыялоо;
Россияга салынган санкцияларды алуу.
Reuters басылмасынын жазганына караганда, Вашингтон Владимир Зеленскийге планга кол коюшу керектигин кыйыткан.
Ал эми шаршемби күнү Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков планга РФ менен АКШ лидерлеринин Аляскадагы макулдашуусунан тышкары жаңы эч нерсе кошулбаганын билдирди.
ЖМК: Украина НАТОго кирүү оюнан эми баш тартышы керек