Күйүүчү май боюнча абал кандай? Өкмөттүн соңку маалыматы

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бүгүнкү күнгө карата республиканын бардык нефть базаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрабаев билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматта абал турукташып келе жатканы белгиленген.
"Өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында Беларусь, Азербайжан, Казакстандын мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өлкөгө мунай продуктулары жеткирилип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өлкөдө күздүн башынан бери бензиндин баасы кеминде 5,5 сомго көтөрүлгөн. Өткөн айда күйүүчү майдын запасы кыйла азайып, бир айга жетпеген гана көлөм калганы айтылган. Рыноктогу тартыштыктан улам өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу.
Министр: Кыргызстан 2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн үч эсе көбөйтөт