Жапаров: энергетика үчүн соңку аракеттер болбогондо өлкө жарыксыз отурмак

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Энергетика тармагында соңку жылдары аткарылган иштер болбогондо өлкө XIX кылымдагыдай жарыксыз отурмак. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров билдирди.
Ал Бишкектин четиндеги Алтай шаарчасынын курулушуна старт берген иш-чарадан кийин жергиликтүү эл менен жолуккан. Президент "свет өчүп жатат" деп кыйкырган жергиликтүү тургунга жооп берген.
Жапаровдун сөзүнө караганда, ал бийликке келген учурда тармактагы абал абдан оор болчу. Ал азыркы бийлик бир эле Токтогул ГЭСинин төрт агрегатын алмаштыруудан 240 МВт кошумча энергия алууга жетишкенин, 28 чакан ГЭС курулуп ишке берилгенин белгилеген.
"Совет мезгилинде курулган ГЭСтер жаңыланбай калган. Мен келгенде бардыгы кыйрап кала турган абалда болчу. Азыр баарын жаңылап бүттүк. Мурдагы президенттерди жамандагандай болбоюн, бирок аларга окшоп отура берсем азыр жарык эч кимге жетпейт болчу", — деген ал.
Президент мурда завод-фабрикалардын болбогонун, ага карабай өлкө кышкысын электр энергиясынын тартыштыгын араң жапкан учурларды башынан кечиргенин эске салган.
Болгон шылтоосу — электр энергиясы менен кытайлар. Жапаровдун кезектеги маеги