"Бүтөйүн, жакпаса кайра жасап берем". Түлеев ЦУМдун капталындагы курулуш туурасында

Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Алгач бүтөйүн, эгер жаман болуп калды десеңер, кайра жасап берейин. Бул тууралуу ишкер Нариман Түлеев "Айчүрөк" (ЦУМ) соода борборунун капталында жүрүп жаткан реконструкциялык иштер тууралуу маалымат берип жатканда айтты.
"Мен биринчи бүтөйүн, эгерде Түлеев жаман жасап коюптур десеңер, кайра жасап берейин. 350-400 метрдей жерди көрктөндүрүү үчүн көп нерсе алып келдим. Бул аймакты силерге Кыргызстандын Монте-Карлосу кылып берейин. Астын өзүнчө эле шаар кылдык. Кичине тынчтанып, дагы бир-эки ай чыдап койгула. Бүткөндөн кийин Бишкектин тургундары ушул жерде күнү-түнү сейилдейт", — деди ишкер.
Эске салсак, Бишкектин дал борбору болгон аймак — Чүй проспекти менен Абдрахманов, Шопоков көчөлөрү кесилишкен жеринде реконструкциялык иштер жүрүүдө. Ал ишти Түлеев колуна алган. Бирок бир нече күн мурда жарыяланган видеодо проспект мурдагысынан тарып калгандай көрүнүп, социалдык тармакта кызуу талкуу башталган.
Бул боюнча шаар башчысы Айбек Жунушалиев аталган маселени көзөмөлгө аларын айтып, ал эми бүгүн Транспорт департаменти жолдун туурасын өлчөгөнүн, мурда 16,5 метр болсо, азыр 20 метрге жеткенин билдирген.
ЦУМдун жанындагы курулуш кайсы баскычка жетти. Видео