Эттин кымбатташына тоют тартыштыгы себеппи? Жем-чөп камылгасы тууралуу маек

Соңку учурда эттин кымбатташы кызуу талкуу жаратууда. Өкмөт бааны турукташтыруу үчүн Монополияны жөнгө салуу кызматына да, жергиликтүү бийликке да тапшырма берди. Текшерүүлөр, эскертүүлөр менен учурда эттин чекене баасы 690-790 сомдун айланасында кармалып турат.
Sputnik
Эттин кымбатташына сатуучулар түрдүү жүйөлөрдү келтиришет. Алардын ичинде тоют маселеси, башкача айтканда, анын тартыштыгы эттин наркына таасирин тийгизип жатат дегендер да бар. Биз бул маселенин чын-төгүнүн билүүгө Айыл чарба министрлигине кайрылдык. Суроолорубзга Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын башкы адиси Шаршен Чотонов жооп берди.
— Шаршен Мамытович, алгач бизге быйылкыга болгон тоют камылгасы тууралуу маалымат берсеңиз.
— 2025-2026-жылдарга малдын ар бир башына ылайыкталып түзүлгөн рациону менен тоют камылгасы бекитилген. Ага ылайык, жалпы 5,3 миллион тоннанын 411 миң тоннасы — кесек тоют, 383 миңи — чыктуу тоют, 923 миң тоннасы аралашма тоют деп белгиленген. Бүгүнкү күнгө 93 пайызы даяр. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5-6 пайызга төмөн, себеби жаан-чачын аз болгондуктан тоют даярдалчу арпа менен жүгөрүнүн түшүмү төмөнүрөөк болду. Чөп же кесек тоют да ушул эле себептен өткөн жылма салыштырмалуу 7-10 пайызга азыраак.
— Бул жалпы тоюттун, анын ичинде чөптүн кымбатташына алып келбейби? Учурдагы баа кандай?
— Азыр Чүйдө чөптүн бир түгү 200-250 сомдон, саман 100-150 сомдон сатылууда, ал эми чөп тартыш болгон Баткенде беденин бир таңгагын 250-300 сомдон, саманды 150-200 сомдон берип жатышат. Ош, Жалал-Абадда 230-250 сом, саман 100-150 сомдон, эң арзаны Ысык-Көлдө, чөптүн бир түгү 180-230 сомдон сатылууда. Баа быйыл эле ушундай болуп жаткан жок, бул — жыл сайын болуучу кадимки көрүнүш. Жогоруда айтылган 5-6 пайыздык таңсыктыктан тоют кымбаттап кетпейт. Анткени бизде жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо системасы бар. Малчылар азыр деле малды ушул ыкма менен багышат.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын башкы адиси Шаршен Чотонов
— Учурдагы тоютка болгон баа эттин кымбатташына таасирин тийгизип жатабы? Кандай ойлойсуз?
— Кыргызстанда жайыт жер 9 миллион 200 миң гектарды түзөт. Мынчалык жайыт дүйнө жүзүндө бир да мамлекетте жок. Ошол жайыттарда мал 6-8 ай багылат. Андан сырткары, жылкы жаныбары жыл бою, өзгөчө кар аз түшкөн жылдарда жайытта эле болот. Буга Чүй облусу гана кирбей калышы мүмкүн. Мисалы, азыр ноябрдын соңку күндөрү болуп калды, мал кол карап кала элек, жайылып жүрөт. Эттин кымбатташына алып сатарлардын тиешеси бар деп ойлойм. Жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн малды тирүүлөй эмес, союп сатуу үчүн эт комбинаттарын жандандырсак жакшы болмок. Малды мамлекет өзү алып, комбинаттарда тоңдуруп сатса баа туруктуу болот, кошуна мамлекеттерге чыгып жаткан экспорт да өлкөнүн өз колунда калып, мындан сырткары, жумуш орундары пайда болот. Антпесе, учурда алып сатарлар алган баасын эмес, четке саткан наркын өздүк баа катары эсептеп, союп сатканда үстүнө кошуп жатышат. Ошентип карапайым калкка эт үстөккө-босток кошулган сумма менен жетүүдө. Ошол малды фермердин өзүнөн алып сойсок, алда канча арзан түшүп жатпайбы.
Кыргызстандыктардын 65-70 пайызы айыл тургундары, баарында болбосо да көпчүлүгүндө мал бар. Демек, кышкы согумун даярдап алышат. Эт шаарларда кымбаттап кетүүдө. Тоолуу өлкөдө малыбыз колдо туруп баанын көтөрүлүшү чынында туура эмес.
Кыргызстан 2024-жылы ЕАЭБде эт өндүрүмү боюнча биринчи орунга чыгыптыр. Ушул жылдын январь-сентябрь айларында республикада 327,1 миң тонна эт азыгы өндүрүлгөн экен. Бул былтыркыга салыштырмалуу үч пайызга көп. Бул сандар бизде эт тартыштыгы жок экенин айтып турбайбы.
— Тоюттун сапаты кандай, эттин сапаты түздөн-түз андан көз каранды эмеспи?
— Кыргызстандагы тоюттун сапаты абдан жогору. Зоотехник катары айта турган болсом, биздин Нарын, Ысык-Көл жана Оштун тоолуу аймактарындагы чөптүн калориясы сулуга барабар. Мисалы, бир килограмм чөптүн кубаттуулугу бир килограмм сулу менен тең десек болот. Бул жем бербей эле жайыттарда мал багууга мүмкүнчүлүк берген чөп дегенди билдирет. Ал эми бийик тоодогу бетеге чөптөрдүн калориясы мындан да жогору болушу мүмкүн. Биздин климаттык шарт малга абдан жайлуу. Бирок жайыт акы абдан төмөн. Бул эреже да жакын арада эле кирди. Акы райондордо айырмаланат. Орто эсеп менен койго 15-20 сом, жылкыга 50-60 сом төлөнөт. 6-9 ай жайыт колдонуп мынча сумма төлөө чынында аз да. Бул каражат кайра эле ошол жайыттарга инфраструктура жеткирүүгө, жол салууга, көпүрө курууга жумшалат. Биз ушу күнгө чейин жаратылыш берген эң жогорку сапаттагы, акысыз тоют базасын колдонуп келебиз.
Базарда эт сатуу
— Бул жайыттар сарамжалдуу пайдаланылып жатабы? Мурдагыдай эле мал багууда күздөө, жаздоо деген барбы?
— Ооба, жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча Жайыт департаменти бир топ иштерди алып барууда. Бул боюнча атайын мыйзам да иштейт. Жазгы, жайкы, күзгү, кышкыдан сырткары алыскы жана жакынкы жайыт деген да түшүнүк бар. Ал жакка төлдөбөгөн субай уйлар, топоздор, этке кетчү бордолгон ириктер жиберилиши керек. СССР учурунда бул абдан жакшы иштечү. Азыр деле фермерлердин алыскы жайыттарга кызыгуусу күч. Ошол бетегелүү жайыттарда малын багып, ширелүү чөп менен тоюнтуп, анан союп сатканды ким эле каалабасын. Андай жайыттар көзөмөлгө алынып, атайын жолдомолор берилип турат.
— Ушундай калориялуу чөп жеген кыргыз малына заман талабындагы эрежелерди аткарып витаминдештирилген тоют берүү маанилүүбү?
— Байытылган тоют зарыл, өзгөчө саан уйларга берүү керек, анткени сүтү көбөйөт. Уйларды тоюттандыруу төрт типке бөлүнөт. Биринчиси — ширелүү тоюттар, буга өскөн жашыл чөптөр, силос кирет. Анда табигый витаминдер бар. Ошондуктан жайында сүттүн майлуулугу жогорулап, уй көп сүт берип калат. Ал эми кышында силос бериш керек. Азыр кыргыз фермелерлеринде мына ушул силос даярдап берүү маданияты жоголуп кетти. Малга байытылган тоют берүү зарылчылыгы ушундан улам да келип чыгууда. Мал деле адам сыяктуу, керектүү витаминдерге бай тоют менен камсыздалса жакшы болот. Сүттү көп берет, асылдуулугу жогорулайт. Ал эми канчалык асыл тукум мал болсо да тийиштүү тоют жебесе, анын асыл тукумдуулугунан эч нерсе калбайт.
Мал тоютун даярдоо үчүн силос даярдоо
— Биз мал менен жашоо кечирген өлкө болсок, эмнеге алар үчүн пайдалуу болгон силосту жасоо, күнүмдүк рационуна киргизүү жакшы колго алынбай жатат? Советтер Союзу учурунда бул кеңири жайылган эмес беле. Жасоо технологиясы, аны билген адамдар жок болуп кете элек да.
— Туура айтасыз, мурда силоссуз мал багууну элестете алчу эмеспиз. Ал эми Союз таркагандан кийин иш токтоп, эл колунда кармаган малына силос даярдабай калды. Анткени сүт өндүрүү көзөмөлдөн чыкты. Союздагыдай план коюлбай, ар ким өз коломтосуна жетерлик сүткө ыраазы болуп отуруп калды. Азыр эми муктаждык кайрадан жаралууда. Кошуна мамлекеттерге экпорттоо мүмкүнүчүлүгү бар. Мындан улам силоско кызыгуу аз-аздан жанданып баратат. 3-4 жылдан бери аны өндүрүү жогорулады. Бирок кээ бир аймактарыбызда, мисалы, Баткенде ысыктан улам силос өндүрүүгө болбойт экен. Ал эми тоолуу аймактардагы малчыларыбыз малын жайып жиберип эле силос даярдоого мойну жар бербейт. Бул туура эмес, кышында силос даярдап берүү керек. Ал малдын сүтүн көбөйтүүчү эң негизги азык, ансыз болбойт. Көп сүт алуу үчүн жайында жашыл чөп жеген уйдун организми кышында да ошондой ширелүү тоютту талап кылат. Кесек тоют же болбосо кургатылган чөп силосчолук витаминдерин сактап кала албайт.
— Тоют боюнча сөз болгондо малдын сапаты тууралуу маселе өзүнөн-өзү жаралат. Бизде малдын туягы көбөйгөнү менен сапаты начар деп айтып жүрүшөт. Сапаты начар дегеним ошол эле сүт багытына көбүрөөк тиешелүү.
— Ооба, бул көйгөй бар. Чынында бизде үч литрден сүт алып беш уй кармаганына ыраазы болуп отурган фермерлер көп эле. Эгер ошол малды ийине келтире бакса, ар биринен жок дегенде 15 литрден сүт алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул ошол эле тоютун жакшыртуу, ширелүү тоют менен камсыздоо, малкананын жайлуулугу, берип жаткан суусу дегендей.
Учурда Кыргызстанда койдун башы 6, 2 миллионго, уй 1,8 миллион, жылкы 533 миңге, тооктун башы 7,7 миллионго жетти, чочко азайып отуруп 26 миң болуп калды. Шарттуу түрдө айтсак, малдын саны Союз учурундагыдан да көбөйдү. Бир уй беш койго туура келет, шарттуу эсептегенде Союз учурундагы 10 миллион кой деген нормадан ашып кеттик. Ал учурда жайыттын көлөмүнө жараша малдын саны бекитилчү. Азыр эл айтып жаткан сапаттын төмөндүгүнө, жайыттын тартыштыгы же тебеленишине малдын көбөйүшү себеп болууда.
Этти негизсиз кымбат саткандарга иш козголот. УКМК эскертүү берди