БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине чет өлкөлөрдөн 200дөй студент мыйзамсыз которулганы аныкталып, кафедранын Ш.А.А. аттуу доценти шектүү катары кармалганын УКМК билдирди.
Атайын кызмат кылмыштуу фактыларды жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында аныктап чыккан.
"КМТУнун айрым окутуучулары студенттерге жасалма академиялык маалым каттарды жана чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайлардын транскрипттерин берип турушкан. Анын негизинде 200дөй адам окуу жайга мыйзамсыз которулган", — деп айтылат кабарда.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Ш.А.А. аттуу доцент кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизген. Учурда тергөө уланып, мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка тараптар аныкталууда.