Адилеттиктин соту: 80 жыл мурда Нюрнберг процесси башталган. Тарыхый видео

80 жыл мурда нацисттик аскер адамдарынын Улуу Ата Мекендик согуштагы кылмыштары боюнча Нюрнберг процесси — сот башталган. Бул адамзатка дүйнөнү кармап тургансыган мыкаачылардын жазаланган, аалам кулак түрө тыңшап турган кылымдын окуясы болду.
Sputnik
Нюрнберг Адольф Гитлердин саясий биримдигинин — Улуттук социалисттик немецтик жумушчулар партиясындагылардын чогула турган сүйүктүү жайы болгон. 1935-жылы ошол жерде фашисттик расалык теорияны чагылдырган "Нюрнберг мыйзамдарын" — жарандык рейх менен немец ар-намысын, немец канын коргоп, сактап калабыз деген мыйзам кабыл алышкан.
Бирок 1945-жылы Нюрнбергди трибунал үчүн символикалык ишарат катары тандашкан эмес. Бомбалоодон кийин шаардын бардыгы урандыга айланса да, алардын ичинен Юстиция сарайы түрмөсү эмнегедир аман калган.
24 кылмышкер сот алдында жооп берген, анын ичинде фашисттик Германиянын жогорку жетекчилиги да болгон.
Сот жүрүп жатканда чымындын учканы угулгандай тынчтык өкүм сүргөнү айтылат.
"Балким, кимдир бирөөлөр үчүн гитлердик башчылардын кылмыштары жазылган документтер сандар менен тизмеленген жөн гана кагаздыр. Биз, совет эли үчүн, бул — кансыраткан согуш, жакындарыбыздын томпойгон мүрзөсү жана майып болуп кыйналгандардын жанды жеген азабы", — деген айып тагуу жараянынын жыйынтыгында бир чети тиштенип, бир чети толкунданып сүйлөгөн СССРдин ошол кездеги прокурору Роман Руденко.
12 адамга чыккан өлүм жазасы соттолгондорду асуу менен аткарылган.