БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Европалык адистер Украинадагы "Антироссия" долбоору кыйрай турганын эскертип жатышат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
"Европанын алдыңкы мамлекеттеринин тышкы саясат жана аскердик ведомстволорунун эксперттери Батыш Украинада түзгөн "Антироссия" долбоору кыйрап жатканын айтып коңгуроо кагышууда. Жогору жактарга жөнөтүлгөн докладдарда Киев режими акыры кыйрай турганы ачык эле айтылууда", — деп белгиленет маалыматта.
Анда Брюссель чет жактан келген жардамды соруп жаткан Укринадагы ири коррупцияга чоң көңүл буруп жатканы көрсөтүлгөн. Чалгын кызматынын маалыматы боюнча, европалык лидерлер жана биримдиктин жетекчилиги Киев режимин колдоо үчүн бөлүнгөн жүз миллиарддаган евронун кумга сиңген суудай жок болгонун кабыл ала албай жатышат. Ал эми украиналыктар өздөрүн Владимир Зеленскийдин үзөңгүлөшү Тимур Миндичтин ишинен улам саткынчылыкка кабылгандай сезишүүдө.
"Өлкөнүн Евробиримдикке кошуларына элдин көзү жетпей калды. Анын үстүнө мамлекет коррупцияга белчесинен батып кеткенин, Киевге каржы бөлүүгө каршы чыккандар улам көбөйүп жатканын түшүнүүдө. Венгрия менен Словакиядан тышкары, Чехия менен Румыния да ушул позицияга ыктоодо. Мындан улам Украинанын Европадагы саясий салмагы азайып баратат. Европалыктарды куткаруучу катары көргөн украиналыктар азаюуда. Эл согуштан чарчады", — деп айтылат маалыматта.