"Бийликти басып алууга чакырган". Соцтармактагы аккаунттун администратору кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бийликти басып алуу максаты менен массалык башаламандык уюштурууга чакырган деген шек менен соцтармактагы аккаунттун администратору кармалды.
УКМКнын маалыматы боюнча, 46 жаштагы А.Д.С. чет жакта жүргөн деструктивдүү топтордун көрсөтмөсү менен массалык башаламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырган билдирүүлөрдү жарыялап жүргөн. Мындан сырткары, айрым мамлекеттик структуралардын жетекчилери тууралуу маалымат чогулткан.
Атайын кызмат шектүү 20дан ашык фейк аккаунт түзүп, жаңылыктардын астына атайын чагымчыл комментарийлерди калтырып, коомдук пикирди манипуляциялоого аракет кылганын белгиледи.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278 ("Массалык башаламандык") жана 327-беренелери ("Бийликти басып алууга үндөө") менен иш козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК фейк жана жашыруун аккаунттарды пайдалануу менен чындыкка дал келбеген жана массалык башаламандыкка, бийликти басып алууга, улуттар жана региондор аралык араздашууга жем таштаган чагымчыл маалымат тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.
УКМК Kav&Kev компаниясынын жетекчиси кандай шек менен кармалганын айтты