Министр: Россияда беш жылдан кийин аэропорттордун саны 241ге жетет

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. 2030-жылы Россияда 241 аэропорт иштеп калат. Бул туурасында РФтин Транспорт министри Андрей Никитин "Транспорт жумалыгында" айтты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
https://t.me/Mintrans_Russia/7708
Бул жалпы саны, эгерде тактап карай келгенде, мурдагы 224 аба майданына дагы төртөө кошулмакчы. Алар — Архыз, Шерегеш, Омск-Федоровка, Иркутск аймактарында.
Андан сырткары беш аба майдан тарыхый региондордо (Мариуполь, Донецк, Луганск, Запорожье, Херсон) түптөлсө, жетөө жарандык авиация үчүн жабык аэродромдор болмокчу. Маалыматта алар Орел, Балаково, Кречевицы, Смоленск, Хотилово, Йошкар-Ола, Владимирде жайгаша турганы айтылган.
"Беш жыл ичинде 75тен кем эмес аэродромду жаңылоо зарылдыгы турат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин активдүү колдонолу деп турабыз", — деген Никитин.
Масштабдуу иштер, бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрү. Путин Арктика жолу тууралуу