Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский Украинадагы окуялар Россия үчүн да трагедия экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Украинадагы окуялар аталган өлкө эле эмес, россиялыктар үчүн да трагедия болуп турат. Мындай пикирин РФ президентинин жардамчысы, Россиянын тарыхый-аскердик коомунун төрагасы Владимир Мединский "Комсомольская правдадагы" макаласында билдирген.
"Биздин көз алдыбызда болуп жаткан нерселер Украинанын жашоочулары үчүн эле эмес, биз үчүн да чоң апаат", — деген ал.
Мединский Украинадагы окуялар туурасында төмөнкүлөргө да токтолгон:
2021-жылдагы Украинадагы кырдаал өзгөрүп кетчүдөй көрүнчү эмес, ал эми Зеленскийди эч ким "согушкан президент" катары кабыл алчу эмес;
Украинадагы жаңжалдын аякташына көп деле убакыт калган жок;
Россия бүгүн украиндер эмес, украин элин барымтага алган бийлик менен күрөшүп жатат;
Киевдеги азыркы бийлик Россия менен Украинаны байланыштырган нерселердин бардыгын түп-тамырынан жок кылууда;
украин жерин, бардык жактан алганда, "чоочун" адамдар ээлеп алып, өздөрүнүн бөтөн цивилизациясын куруп жатышат;
Киев кишилерге чектөө коюп, окуяларды басып, Украинанын тарыхынан алып караганда, жапырт тыюу салган маалыматтык согуш жүргүзүүдө;
Россия украин пропагандасынын күчүн жана таасирин этибарга албай койгон, алар айтып-деп, кулагына куя берип, элдин аң-сезимин өзгөртүп, буруп таштаган;
элдин аң-сезими "тумандап", чындык менен жалганды айырмалабай калгыдай деңгээлде жүргүзүлгөн маалыматтык манипуляция Украинанын ичинде улам күчөп жатат;
"орус коркунучун" көбүртүп-жабыртып, бийликте кармалып тура алган "кесипкөй украиндердин" наркы Батыштын бир катар саясатчылары үчүн алтынга тете.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМКлар АКШ Россия менен Украина боюнча купуя сүйлөшүп жатканын жазышты